Мэриянын күндүзгү стационарлары саат 8:00дөн 20:00 гө чейин күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. 9 күндүн ичинде стационарлар 23 миң 819 жаранды кабыл алды. Анын ичинен 17 миң 890 ийне жана тамчылатып дары алышты, 781 тургунга медициналык кеңеш берилип, 139 адам жаткырылды. Тилекке каршы, 9 адам көз жумду.

Белгилей кетсек, стационарлардагы кезектер азайып, акырындык менен шаардыктар сакая баштады. Статистикага ылайык, жаңы ачылган стационарларда кезекте тургандар аз болот:

«Ак-Босого» жаңы конушундагы №81 мектеби, (40 орун);
Анкара көч, 1/10 дарегиндеги «Сейтек» мектеби (50 орун);
Дордой-13 көч, 487/4 дарегиндеги №94 мектеби (50 орун);
Токтогул көч, 220 дарегиндеги №68 мектеби (30 орун);
«Аламүдүн-1» кичи районундагы №38 мектеби (50 орун).
Аталган даректердеги стационарларда кезектер башка стационарларга караганда аз.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Сыртка чыкпаңыздар, үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны жана аралыкты сактаңыздар!  Тартип гана COVID-19, пневмония жана башка оорулардын өсүшүн токтотот.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!