Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкекбашкыархитектура” МИнин Шаардык аткаруу съемкасы жана топография бөлүмүнүн башчысы Асылгазиев Нурланбек Токтомушовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үйбүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ал Нарын областынын Кочкор районундагы Чолпон айылында 1972-жылы туулган.

“Бишкекбашкыархитектура” МИсинде 2006-жылдан тартып ар кандай кызматтарда, б.а. жөнөкөй адистиктен бөлүмдүн башчылыган чейинки кызмат орундарында иштеген. 5 баланын атасы эле.

Бишкек шаарынын мэриясы, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин жамааты Нурланбек Асылгазиевдин туугандарына, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кесиптешибиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!