Кыйын абалдагы колдоо баарынан кымбат. Коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө ишкерлер, уюмдар шаарыбызды, өлкөбүздү коргоо үчүн баа жеткис жардамдарды көрсөтүп жатышат.

«НУР Телеком»  компаниясы («О! мобильдик оператору») күндүзгү стационарларда иштеген медицина кызматкерлерин акысыз байланышка кошуп баштады. Дарыгерлер вахталык режимде, күндүз иштеп,  түнкүсүн мейманканада калып жатышат. Эми ар биринде үйбүлөсү, жакындары жана балдары менен сүйлөшүү үчүн сапаттуу байланыш жана интернет бар.

Ошондой эле,  «Скай Мобайл» («Билайн») жана «Альфа Телеком» («Мегаком») компанияларынын колдонуучу медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүлүп, аталган компанияларга жиберилди.

Белгилей кетсек, «Мегаком» мобильдик оператору пандемия башталгандан бери шаардыктарды ар тараптан колдоп келет. Акыркы жолу компания өзүн-өзү диагноздоо-118 колл-борборунун кызматкерлерине  интернети менен 40 номер жана телефон берди.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирет.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек –сүйүктүү шаарым!