Калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Муниципалитеттин, ишкерлердин жана кайрымдуу адамдардын колдоолору менен covid-19 жана пневмания оорулары менен күрөшүү уланууда.

Колдоолор ар тараптан келип жатат. Бул жолу Цинциннати шаарындагы (АКШ, Огайо штаты) биздин мекендештер шаарыбызга эки кычкылтек концентраторун белек кылды.

Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев жабдууларды кабыл алып, пандемия учурунда колдоо көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.

Концентраторлор мэриянын күндүзгү стационарларына берилет. Эскерте кетсек, «Газпром Кыргызстан» компаниясы шаардык мэрияга Туркиядан өндүрүлгөн отуз кычкылтек концентраторун белек кылган. Учурда 12 күндүзгү стационарда 109 концентратор бар.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаардыктар! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны, аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Вирус коркунучтуу….

Бишкек-сүйүктүү шаарым!