Наристелерди тарбиялоого, билим берүүгө 16 жыл өмүрүн арнаган, жүрөгү чоң жана насаатчы кесиптешибиздин дүйнөдөн кайткандыгы биздин жүрөгүбүздү оорутуп, кабыргабызды кайыштырды.  

Бүгүн №148 бала бакчанын башчысы Токтосунова Жамиля Ишембековна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Жамиля Ишембековна 1957-жылы 28-январда Ысык-Көл областынын Түп районунун Михайловка айылында туулган.

Ал билим берүү тармагында 38 жыл иштеп, анын ичинен 16 жыл №148 бала бакчанын башчысы болуп эмгектенген.

Жамиля Ишембековна иштеп турган жылдарында ынтымактуу жамаатты түзүп, анын жетекчилиги алдында эң жогорку ийгиликтерге жетишишкен. Баарыбыз үчүн бул чоң жоготуу…

Бишкек шаарынын мэриясы, Билим берүү башкармалыгы Жамиля Ишембековнанын үйбүлөсүнө, жакындарына, балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Бишкек шаарынын мэриясы