Шаардык ооруканаларда орундардын жетишсиздигине байланыштуу КРнын президенти С.Жээнбековдун тапшырмасы жана ишкерлердин колдоосу менен калаада эки түнкү стационар: 7-кичи райондогу «ДСК» спорт комплексинде жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» ресторанына ачылды.

«ДСК» спорт комплексиндеги түнкү стационар 220 орунга жана Консул ресторанындагы стационар 100 орунга ылайыкташтырылган. Башкача айтканда бир саттын ичинде 200 шаар тургунуна жардам бере алабыз.

«ДСК» спорт комплексиндеги түнкү стационарды  толук каржылоону мурдагы мэр Нариман Тулеев алды, ал эми «Консул» ресторанын ээси имаратын убактылуу колдонууга акысыз берди.  Бул үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Түнкү стационарлардын күндүзгү стационарлардан айырмачылыгы медициналык тез жардам берүү үчүн оор абалдагы жарандарды түнкүсүн кабыл ала алат.  Ооруканаларда бош орундар болуп калса, жаткыруу каралган.

Эки стационарда медиктер, медайымдар, санитарлар шаардыктарды кабыл алып, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык ийне, тамчылатып дары куюу, медициналык кеңештерди берип, зарыл болсо кычкылтекке туташтырышат.

Түнкү стационарлардан жашаган жерине карабастан, Чүй областынын тургундары дагы биринчи медициналык жардамды ала алышат.  

Оор абалдагы бейтаптар көбөйсө, дагы түнкү стационарлар ачылат. Биз ишкерлерди, ресторан, отель, мейманканалардын ээлерин шаардыктар коргоо үчүн колдоо көрсөтүүгө чакырабыз. Байланыш:  https://www.meria.kg/ky/post/20477

Белгилей кетсек, стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган. Биз ооругандардан дагы режимди сактоолорун абдан өтүнөбүз.  

Медкызматкерлер жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш, турак-жй жана айлык-акы менен камсыз болушат. Эскерте кетсек, мэрия медиктерди, медайымдарды жана санитарларды жумушка чакырат. Жумуштун шарты менен бул шилтемеден тааныша аласыздар: https://www.meria.kg/ky/post/20504

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде түндө сиздердин же жакындарыңыздардын  ден соолугуңуздар начарлап кетсек, таңды күтпөстөн 103 тез жардамды чакырыңыздар. Тез жардам кызматы жетишпей калса, анда түнкү стационарларга кайрылыңыздар. Алар сиздерге өз убагында медициналык жардамды көрсөтөт.

Сураныч! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!