Мэриянын түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Эртең менен саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин ийне, тамчылатып дары алуу жана медициналык кеңеш үчүн шаардыктар кайрылып жатышат.

13-июлга карата мэриянын стационарлары 27 миң 169 адамды кабыл алды. Анын ичинен 20 миң 317 адам тамчылатып дары жана ийне алышкан, 6 миң 687 адамга медициналык кеңеш берилип, 156 адам жаткырылды. Бактыга жараша кечээ каза болгондор болгон жок. (мурда каза болгондор - 9)

12 стационарда 241 адам: дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Алар жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш, убактылуу турак-жай менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, стационарлардын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооруп жатсаңыздар, ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо саат 8:00дөн 20:00гө чейин күндүзгү стационарларга кайрылсаңыздар болот. Стационарлар оор абалдагы бейтаптарга ылайыкташтырылган эмес.

Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!