Бишкек шаарынын мэриясы №78 мектебинин жетекчиси Эльнура Музаеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен  көнүл айтат.

Музаева Эльнура Турдукуловна Талас областында 1966-жылы 18-сентябрда туулган. Ал  эмгек жолун  Фрунзе педагогигалык орус тили жана адабият институтунун педагогика жана психология кафедрасында баштаган.    1995-жылдан баштап Бишкек шаарынын мектеп билим берүү тутумунда, орус тили жана адабият мугалиминен Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына чейин иштеген. Акыркы 8 жыл №78 мектеп гимназиясынын директору болуп эмгектенген.

Эльнура Турдукуловнанын жетекчилиги алдында Көлмө конушундагы аталган мектеп аккредитациядан кийин гимназия макамын алган. Өтө жоопкерчиликтүү, ишин мыкты билген, даанышман, адамдык сапаты жогору жетекчи эле.

Биз үчүн оор жоготуу...

Бишкек шаарынын мэриясы, Билим берүү башкармалыгы Эльнура Турдукуловнанын үйбүлөсүнө, жакындарына, балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Бишкек шаарынын мэриясы