Жай-бул жылдын эң ысык мезгили гана эмес, шаардагы коммуналдык кызматтар үчүн дагы ысык мезгил. Шаардык мэрия 2020-2021-жылдарга жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүүдө.

Кышында шаардыктарды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы оңдоо-профилактикалык иштерин өткөрүүдө.

«Жал» кичи районундагы «Ротор» буу казанында 45 метр бийиктиктеги морун реконструкциялоо башталды. Ал 63 турак үйдү, эки жатакананы, №80, №94 мектептерин жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборун жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Түтүн трубасы алмаштыруу менен «Жал» кичи районунун тургундарын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоого жана абанын сапатын жакшыртууга болот.

Эскерте кетсек, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 жалпы билим берүү мекемесин, 14 бала бакчаны, 8 ЖОЖду, 26  ар түрдүү бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү камтыйт.

Урматтуу шаардыктар! «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын байланыш номерлери:

Абоненттик кызмат:  212847;

Эсеп бөлүмү: 212845;

Жылуулук энергиясын өлчөө жана ысык суунун көргөзмөсүн каттоо бөлүмү: 492535, 212804.

Үйдө болуңуздар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар! Вирус бар, жана ал коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарым!