Бул окуу жылы ата-энелер, окуучулар үчүн башкача жылдардан болду. Пандемияга байланыштуу окуучулар аралыктан окуп, экзамендерди тапшырып, окууга даярдыктарды көрүштү.

Белгилей кетсек, бул жылы шаардын мектептеринен 6 миң 592 бүтүрүүчү, 9-класс-13 миң 310 окуучу мектепти аяктады.

Мектептердеги өзгөчөлөнгөн окуучулар орто билим жөнүндө артыктылык аттестатты (алтын медаль) алуу үчүн «Алтын тамга» кошумча тестирлөөдөн өтүшөт.  

Бул жылы 78 окуучу билимин тастыктап, өзгөчө белгидеги аттестатка ээ болушту.

Бишкек шаарынын мэриясы жаш бишкектиктерди алтын медалы жана мектепти ийгиликтүү аякташы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Биз сиздерге ийгиликтерди каалайбыз! Сиздердин алдыңыздарда чоң мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылды. Каалаган кесибиңиздердин ээси болуп, келечекке карай таштаган кадамыңар байсалдуу болсун!  

Санитардык нормаларды унутпагыла, ден соолук баарынан кымбат! Сураныч! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек –сүйүктүү шаарым!