Шаардык ооруканаларда орундардын жоктугуна байланыштуу, ишкерлердин колдоосу менен оор абалдагы жарандарга медициналык тез жардам көрсөтө турган        түнкү стационарлар ачылды.

Кечки саат 21:00дө стационарлар алгачкы бейтаптарын кабыл ала баштады. Белгилей кетсек, стационарлар эртең мененки саат 9:00гө чейин иштеп жатат.

Түнкү стационарлар эки жерде: 7-кичи районундагы «ДСК» спорт комплексинде  жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» кафесинде ачылган. Жалпысынан 220 адамга ылайыкташтырылган.

Эки стационарда тең дарыгерлер, медайымдар, санитарлар иштеп жатышат. Шаардыктарга ыңгайлуулук үчүн имараттардын ичине мобильдик дарыканалар ачылган.

Түнкү стационарларга жашаган жерине карабастан, бардык тургундар медициналык жардам үчүн кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган. Биз ооругандардан дагы режимди сактоолорун абдан өтүнөбүз.

Медкызматкерлер жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш, турак-жй жана айлык-акы менен камсыз болушат.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде түндө сиздердин же жакындарыңыздардын  ден соолугуңуздар начарлап кетсек, таңды күтпөстөн 103 тез жардамды чакырыңыздар. Тез жардам кызматы жетишпей калса, анда түнкү стационарларга кайрылыңыздар. Алар сиздерге өз убагында медициналык жардамды көрсөтөт.

Сураныч! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!