Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин жана радиосунун техникалык директору, жүрөгү чоң жана боорукер кесиптешибиз Михаил Рогожиндин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы кабыргабызды кайыштырды.

Михаил Степанович 12-июльдан 13-июльга караган түнү каза болду. Ал май айында  болгону 51 жашка толгон.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы аны өз ишин мыкты билген, чындык жана адилеттүүлүк үчүн жашаган адам катары эскерет.

Бишкек шаарынын мэриясы Михаимл Степановичтин жакындарына жана Sputnik Кыргызстан агенттигинин жана радиосунун жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жер жайлуу, топурагы торко болсун!

Бишкек шаарынын мэриясы