12 күндүзгү стационар жана 2 түнкү стационар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооруп жаткандар үчүн ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо саат8:00дөн 20:00 гө чейин, ал эми оор абалдагы адамдарга тамчылатып дары куюу же болбосо кычкылтек керек болсо саат 21:00дөн 9:00гө чейин түнкү стационарларга кайрылышса болот.

15-июльга карата маалымат боюнча, стационарларга 31 миң 486 жаран кайрылган, анын ичинен 23 миң 439 жаран тамчылатып дары, ийне алган, 7 миң 851 жаранга медициналык кеңеш берилип, 187 адам жаткырылды. Тилекке карыш 9 адам каза болду.

Түнкү стационарлардын биринчи күнүндө 282 адамга жардам берилди. Эскерте кетсек, түнкү стационарлар 7-кичи районундагы «ДСК» спорт комплексине жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» ресторанына ачылган. Жалпысынан 220 адамга ылайыкташтырылып, саат 21:00дөн 9:00гө чейин иштейт.

Күндүзгү стациолнарларда 229 адам: дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Бардык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай, тамак-аш  менен камсыз болгон.

Белгилей кетсек, стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!