Пандемия учурунда шаарды көрктөндүрүү боюнча пландык иштер улантылууда. Шаардын долбоорлорун ишке ашырууда «Бишкекасфальтсервис», «Бишкексвет», «Бишкекжашылчарба», «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери санитардык талаптарды катуу сактоо менен жүргүзүп жатышат.

Ч.Айтматов проспектисиндеги 10 гектардан ашык аянты бар мурунку сүйүү паркынын ордуна жаңы ден соолук паркынын курулушу аяктап жатат.

Жаңы коомдук аймакта тротуар жана аллеянын курулуш иштери аяктап, 300 унаага ылайыкташтырылган автопарк, медпункт жана санитардык түйүндөр даяр болду, ошондой эле 115 орундук орнотулду. Парктын түндүк тарабына «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ч.Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин жаңы жол салынды.

Азыркы учурда спорттук аянтчанын курулуш иштери жүрүүдө. Аталган аянтта футбол, баскетбол талаалары, көлөмдүү шахмат тактасы жана велодром каралган. Спорт аянтчасынын айланасына резина менен капталган чуркоо жолу төшөлүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Парктын долбоору менен бул шилтемеден тааныша аласыздар: https://bga.kg/proekty/?ELEMENT_ID=1035

Эскерте кетсек, калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен шаардын түштүк бөлүгүнө төрт,  түндүк бөлүгүнө эки жаңы паркты куруу пландалган. Анын ичинен бирөө-Ч.Түлөбердиев атындагы парктын курулуш иштери бүткөрүлүп, шаардыктардын эс алуусуна берилди.

Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар!

Бишкек –сүйүктүү шаарым!