Бизге шаар тургундарынан көчөлөрдү дезинфекциялоонун эффективдүүлүгү боюнча көптөгөн суроолор келет.

Шаардык мэрия КРнын ӨКМ менен биргеликте covid-19дун биринчи катталган учурунан тартып шаардын көчөлөрүн дезинфекцилоо иштерин жүргүздү.

Биз covid-19 каршы дүйнөнүн башка мамлекеттеринин шаардык кызматтарынын иштерине мониторинг жүргүзүп көрдүк. Көчөлөрдү дезинфекциялоо  практикасы батыш өлкөлөрүндө көп колдонулган.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча италиялык, испан жана француз дыйкандары шаардык кызматтарды колдоо үчүн көчөлөрдү жана башка коомдук жайларды дезинфекциялоого талаа же бакча чачкычтары менен жабдылган тракторлорун алып чыгышкан. Кичи тракторлор жана чачкычтар эксперттердин ою боюнча колу менен дезинфекциялоочу каражаттарга караганда бир кыйла натыйжалуу болгон.  Дезинфекция үчүн суу менен аралаштырылган гипохлорит колдонулат, бул зат адамдар жана жаныбарлар үчүн коопсуз болуп, бардык вирустарды жок кылат.

Аталган өлкөлөрдүн шаардык бийликтеринин билдирүүсү боюнча, дезинфекция covid-19дан коргонуунун эффективдүү жолу. Мисалы, 26-марттан тартып Ниццада  ак коргонуучу кийимчен адамдар ооруканалардын, карылар үйүнүн, дарыканалардын жана соода борборлорунун айланасын дайыма хлор менен тазалап турушат. Ницца шаарынын мэри Кристиан Эстроси айлана-чөйрөгө эч кандай коркунуч жок деп ишендирет: "хлор" 15 мүнөткө созулат, андан кийин көчөлөр суу менен тазаланат..

Еsquire басылмасы көчөлөрдү жана коомдук жайларды дезинфекциялоо коронавирус менен күрөшүүнүн маанилүү бөлүгү деп жазат. Жаңы коронавирус абада канча жашары аныктала элек. Journal of Hospital Infection изилдөөлөрү боюнча SARS-CoV-2 бир нече күн буюмдардын беттеринде кала берет, ал эми medRxiv (https://www.medrxiv.org/) изилдөөсүндө 3 саат абада жана 2-3 күн темир, пластиктердин бетинде болот. Вирус жаңы, ойлор көп, бирок биз калаадагы эпидемиологдордун сунушу, республикалык штабдын тапшырмасы менен аткарып жатабыз.

Стамбул муниципалитетинин кызматкерлери дайыма дезинфекция жүргүзүп турушат. Иранда өрт өчүргүчтөр көчөлөрдү дезинфекциялашат. Санитардык кызматкерлер Манила (Филиппин) көчөлөрүндө, ошондой эле дүйнөнүн башка шаарларында  антисептик чачышат.

Бишкекте шаарды тазалоо, дезинфекциялоо каражаттары  Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көзөмөл алдында даярдалат.

Биз үстүртөн дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатабыз, ал үстүртөн майын дароо кетирип, тез кургатат. Дезинфекция бактериялардын башка түрлөрүнө дагы каршы иштейт. Көчөлөргө тазалоо каражаттары чачылгандан кийин  шаардыктар үйүнө буттарынын таманына инфекция алып келбейт.

Учурда стационарларга  күнү-түнү көңүл бурулуп, дезинфекциялоо жүргүзүлүп жатат. Кечинде жана эртең менен бардык бөлмөлөр дезинфекцияланат.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, үйдө болуңуздар! Сыртка чыкпаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!

Булактар:
https://www.thefirstnews.com/article/disinfecting-streets-really-does-reduce-the-spread-of-covid-19-and-could-become-the-new-norm-12305
https://www.businessinsider.com/coronavirus-sanitation-disinfection-around-the-world-in-photos-2020-3#china-has-placed-around-56-million-people-under-quarantine-public-gatherings-are-banned-schools-are-shut-down-and-employees-are-working-from-home-if-possible-1
https://24.kz/ru/news/social/item/401184-dezinfektsiya-ulits-prodolzhaetsya-v-stolitse
https://www.youtube.com/watch?v=uny-MdotwAY
https://www.vesti.ru/article/2405395