Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Курч респиратордук вирустук инфекциясынын жеңил түрү менен ооругандар ийне, тамчылартып дары куюу же медициналык кеңеш үчүн саат 8:00дөн 20:00гө чейин күндүзгү стационарларга кайрылышса болот.

Оор абалдагы жарандарга тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн түнкү стационарлар эми кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин иштейт.

Бишкек шаардык кеңешинин колдоосу менен Ленин районунун «Жал» кичи районундагы №95 мектепте дагы кошумча стационар ачылды. Стационар 37 орунга ылайыкташтырылган. Октябрь районунун Кара-Жыгач жаңы конушундагы «Салтанат» ресторанына 50 орунга ылайыкташтырылган күндүзгү стационар ачуу пландалууда.

Жалпысынан калаада 13 күндүзгү стационар (908 орун) жана 2 түнкү стационар (220 орун) иштеп жатат.

16-июльга карата күндүзгү стационарга 35 миң 930 адам кайрылган, анын ичинен 26 миң 569 адам ийне, тамчылатып дары алса, 9 миң 147 адамга медициналык кеңеш берилди.  Тилекке каршы 9 адам көз жумган.

Эки түндүн ичинде түнкү стационарлар 683 адамды кабыл алды. 282 адам инфузия терапиясын, 397 адам медициналык кеңеш алып, 2 адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы 2 адам каза болду.

Аталган стационарларда дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Бардык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай, тамак-аш менен камсыз кылынды.

Белгилей кетсек, стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооруп жатсаңыздар, ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо саат 8:00дөн 20:00гө чейин күндүзгү стационарларга кайрылсаңыздар болот.

Эгерде түндө сиздердин же жакындарыңыздардын  ден соолугуңуздар начарлап кетсе, таңды күтпөстөн 103 тез жардамды чакырыңыздар. Тез жардам кызматы жетишпей калса, анда түнкү стационарларга кайрылыңыздар. Алар сиздерге өз убагында медициналык жардамды көрсөтөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!