Калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу медиктер, анын ичинде тез жардам кызматы жетишпей жатат.

1-июльдан бүгүнкү күнгө чейин  медициналык тез жардам  борборуна (103) 59 миң 83 чалуу болгон, анын ичинен 9 миң 442 катталып, 5 миңден ашык адамга медкеңеш берилди.

Шаар тургундарынын кайрылуулары боюнча 5 миң 71 сапар жасалып, 1 миң 323 учур пневмания жана 57 учур covid-19 катталып, 840 адам ооруканага жаткырылды.

Белгилей кетсек, июнь айында 6 миң 775 кайрылуу иштелип чыгып, 3 миң 481 кеңеш берилген.

Өткөн айда 5 миң 275 сапар жасалып, 325 учур covid-19 жана 97  учур пневмания катталды. 1 миң 611 адам ооруканага жаткырылды.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Ден соолугуңуздарга кам көрүңүздөр! Өз алдынча дарынбагыла! КРВИ жана башка оорулардын белгилери болгон учурда дарыгерге кайрылыңыздар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар! Өтүнүч! Эгерде тез жардамга чала албасаңыз, 118 кызматына байланышыңыздар. Ал болбосо анда күндүзгү, түнкү  стационарларга кайрылыңыздар,

Эскерте кетсек, калаада 13 күндүзгү жана 2 түнкү стационар иштеп жатат.

Биринчи май району:

-Патрис Лумуба атындагы көч, 9 дарегиндеги №83 мектеп (50 орун)

-«Ак-Босого» жаңы конушундагы №81 мектеп (40 орун);

-Кожомкул атындагы спорт сарайы (150 орун).

Ленин району:

-«Жал» кичи районундагы №95 мектеп (37 орун);

-«Ак-Ордо» жаңы конушундагы №96 мектеп (30 орун);

-Токтогул көч,220 дарегиндеги №68 мектеп (30 орун);

-Д.Сяопин проспектиси ,199 дарегиндеги «Арал» кафеси (50 орун);

-«Газпром» спорт комплекси (120 орун).

Свердлов району:

-«Аламүдүн-1» кичи району №38 мектеп (50 орун);

-«Дордой» жаңы конушу №94 мектеп (50 орун);

-Р.Санатбаев атындагы спорт комплекси (150 орун).

Октябрь району:

- 12-кичи району «Бишкекнабайкана» МИ (101 орун);

- Анкара көчөсү, 1/10 «Сейтек» мектеби (50 орун).

Түнкү стационарлар кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин 7-кичи районундагы «ДСК» спорт комплексинде жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» ресторанында иштеп жатат.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!