Калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Муниципалитеттин, ишкерлердин жана кайрымдуу жарандардын күчү менен  covid-19, пневмония менен күрөшүү уланууда.

Колдоо бардык жактан келип жатат. Бул жолу ооруган адамдардын өмүрүн сактоо үчүн Кыргыз-Швейцария банкы жардам көрсөттү.

Кайрымдуулук акциянын алкагында финансы уюму мэрияга 1 миллион 776 миң сомго «Клексан» дарысын алып берди.

3 миң 220 инъекция шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Ал жактан №1, №6 шаардык ооруканаларына, №2 төрөт үйүнө жана Свердлов, Ленин райондорундагы күндүзгү стационарларга таратылып берилет.

«Баарыбыз өлкөбүздө, борборубузда ковид-19 жана пневмониянын тез жайылышынан улам кандай оор кырдаал жаралгандыгын көрүп жатабыз. Биздин банк дагы оор мезгилде шаар тургундарын колдоону чечти ", - деди банктын өкүлү Данияр Бакчиев.

Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз-Щвейцариялык Банк» ЖАКна адамдардын өмүрүн сактоого, баарыбыз кыйналып турган учурда көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет. Чоң рахмат сиздерге!

Урматтуу шаардыктар!  Үйдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!