Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Болжол менен күндүзгү стационарлар бир күндө 4 миң адамды кабыл алат. Кечээ биз 4 миң 234 жаранга жардам бердик. Анын ичинен 3 миң 136 жаран тамылатып дары, ийне, 1 миң 75 адам медициналык кеңеш алды, 22 адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы Свердлов районунун стационарларынын биринен 1951-жылы туулган бир аял кишини кеч алып келишип, куткара албай калдык. Анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз...

Бул түнү эки түнкү стационар 608 адамды кабыл алды. Алардын ичинен 246 адамга инфузия терапиясы, 348 адамга медициналык кеңеш берилип, 7 адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы эки адам стационарга жетпей каза болду.

Ишкерлердин колдоосу менен күндүзгү жана түнкү стационарлар кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер менен жабдылып, мобильдик дарыканалар ачылды. Күндүзгү стационарларда 114 кычкылтек концентратору жана 22 дарыкана, ал эми түнкү стационарда 51 концентратор жана 5 дарыкана иштеп жатат.

Күндүзгү стационарлар саат 8:00дөн 20:00 гө чейин, түнкү стационарлар 20:00дөн 8:00гө чейин иштейт. Стационарлардын даректери менен бул шилтемеден тааныша аласыздар: https://www.meria.kg/ky/post/20527

Аталган стационарларда дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Алар жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай, тамак-аш менен камсыздалган.

Белгилей кетсек, стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооруп жатсаңыздар, ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо саат 8:00дөн 20:00гө чейин күндүзгү стационарларга кайрылсаңыздар болот.

Эгерде түндө сиздердин же жакындарыңыздардын  ден соолугуңуздар начарлап кетсе, таңды күтпөстөн 103 тез жардамды чакырыңыздар. Тез жардам кызматы жетишпей калса, анда түнкү стационарларга кайрылыңыздар. Алар сиздерге өз убагында медициналык жардамды көрсөтөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!