Борборубузда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ушундай кыйын учурда шаардыктарды колдоо үчүн ишкерлер, кайрымдуу адамдар кол сунуп, жардам берүүдө.

Бүгүн Октябрь районун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда  жайгашкан "Салтанат" ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар «Талас жаштар ынтымагы» уюмунун  колдоосу менен ачылды. Бул жактан шаар тургундары кечки саат 21:00дөн 9:00гө чейин алгачкы медициналык жардам, ийне, тамчылатып дары жана медициналык кеңеш ала алышат.

Мындан тышкары, калаада дагы эки түнкү стационар ооруган жарандарды кабыл алууда. Алар: 7-кичи райондогу «ДСК» спорт комплексинде жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги  «Консул» ресторанында.

Түнкү стационарларга жашаган жерине карабастан, Чүй областынын тургундары дагы биринчи медициналык жардам үчүн кайрыла алышат.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде түндө сиздердин же жакындарыңыздардын  ден соолугуңуздар начарлап кетсек, таңды күтпөстөн 103 тез жардамды чакырыңыздар. Тез жардам кызматы жетишпей калса, анда түнкү стационарларга кайрылыңыздар. Алар сиздерге өз убагында медициналык жардамды көрсөтөт.

Сураныч! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!