Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Өткөн түндө стационарларга 5 миңдей адам кайрылды.

18-июлга карата күндүзгү стационарларга 45 миң 403 адам кайрылды. Анын ичинен 32 миң 722 адам тамчылатып дары, 12 миң 425 адам медициналык кеңеш алды, 246 адам ооруканага жаткырылды.

Төрт күндүн ичинде түнкү стационарларга 1759 адам кайрылып, 10 адам ооруканага жаткырылды. Бактыга жараша кечээ күндүзгү жана түнкү стационарлар тынч болуп,  көз жумгандар катталган жок.

Шаардык ишкерлердин колдоосу менен сатционарлар  кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер менен жабдылып, мобильдик дарыканалар ачылды. Күндүзгү стационарларда 115 кычкылтек концентратору жана 23 дарыкана, ал эми түнкү стационарларда 51 кычкылтек концентратору жана 5 дарыкана иштеп жатат.

Эскерте кетсек, күндүзгү стационарлар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, түнкү стационарлар 20:00дөн 8:00гө чейин медициналык жардам көрсөтүп жатат.

Стационарларда дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар адам өмүрүн сактоого жардам кылып жатышат. Бардык кызматкерлер убактылуу турак-жай, жеке коргоо каражаттары, тамак-аш менен камсыз болгон.

Белгилей кетсек, стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооруп жатсаңыздар, ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо, саат 8:00дөн 20:00гө чейин күндүзгү стационарларга кайрылсаңыздар болот.

Эгерде түндө сиздердин же жакындарыңыздардын  ден соолугуңуздар начарлап кетсе, таңды күтпөстөн 103 тез жардамды чакырыңыздар. Тез жардам кызматы жетишпей калса, анда түнкү стационарларга кайрылыңыздар. Алар сиздерге өз убагында медициналык жардамды көрсөтөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!