Мэриянын стационарлары шаардыктарга медициналык жардамдарды көрсөтүүдө. Күн сайын биз дарылоо жайларынын  ишин жакшыртып, шаардыктардын жана дарыгерлердин ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн керектүү шарттар түзүүдөбүз.

Бүгүн стационарлардын иши менен КРнынын Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев таанышты.

Стационарларда кезекте тургандар азайып калды, демек ооругандар акырындык менен айыга баштаганын билдирет. Ошондой эле электрондук кезек системасы дагы киргизилди.

«Инфоком» Мамлекеттик мекемеси жана Мамлекеттик каттоо кызматы 40 ноутбук, 30 термопринтер жана иштелип чыккан электрондук кезек системасын берди. Учурда бардык стационарлардын кире бериштеринде электрондук кезек терминалы иштеп жатат.

Алгоритм калкты тейлөө борборлорундагы электрондук кезекке окшош. Шаар тургундары дарыгерге кайрыларда, ийне, тамчылатып дары алуу үчүн алгач талон алып, талондогу номер менен чакырууну күтөт.

Жооптуу адистерде кезекке ылайык чакыруу функциясы бар.

Ошондой эле ишкерлердин колдоосу менен ар бир стационардын кире беришинде дезинфекциялоочу туннелдер орнотулуп, кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер алынып келинди. Күндүзгү стационраларда 115 кычкылтек концентратору, түнкү стационарларда 58 аппарат иштеп жатат.

Шаардыктарга ыңгайлуу болуусу үчүн күндүзгү стационарларда 23 дарыкана пункту, түнкү стационарларда 6 пункт иштеп жатат.

Эскерте кетсек, калаада 23 күндүзгү стационар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми түнкү 3 стационар 20:00дөн 8:00гө чейин шаардыктарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда кол сунган бардык кайрымдуу жарандарга терең ыраазычылык билирет. Ыктыярчыларга, Улуттук Кызыл жарым ай коомуна,  биздин медиктерди күндө ысык тамак менен камсыз кылган кафе, ресторандардын администрацияларына  дагы чоң рахмат!

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жакшы караңыздар, кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!