Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Күндөн-күнгө күндүзгү стационарларга кайрылгандар азая баштады. Бир жума мурун күндүзгү стационарлар күнүнө 5 миңдей адамды кабыл алса, кечээ, 19-июлда тамчылатып дары, ийне, медициналык кеңеш үчүн 3 миң 489 адам кабыл алынып, 16 адам ооруканага жаткырылды.

19-июлга карата күндүзгү стационарлар 52 миң 725 адамды кабыл алды, анын ичинен 38 миң 333 адам  тамчылатып дары, 14 миң 103 адам  медициналык кеңеш алып, 279 адам ооруканага жаткырылды.

19-июлдан 20-июлга караган түнү түнкү стационарлар 665 адамды кабыл алып, бир адам ооруканага жаткырылды. Беш түндүн ичинде 3 миң 74 адамга медициналык жардам көрсөттүк.

Бактыга жараша, түнкү жана күндүзгү кезмет учурунда каза болгондор катталган жок.

Шаардык ишкерлердин жардамы менен стационарлар кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер менен камсыз болуп, дарыкана пунктары ачылды.

Тойота Борбору («Тойота» жана «Лексус» бренддери), «Эстокада борбору» («БМВ», «Киа Моторс» бренддери) төрт автосалондун жана  «ЛКВ Сервис» компаниясынын колдоосу менен «Аламүдүн-1» кичи районундагы №38 мектепте 50 орунга ылайыкташтырылган күндүзгү стационар ачылып, компания мэриянын атайын эсебине 1 миллион сом которду.   Свердлов районунун маалыматы боюнча, кечээ 19-июлда аталган стационарга 177 адам кайрылган, анын ичинен 116 тамчылатып дары, 59 адам медициналык кеңеш алып, эки адам ооруканага жаткырылды.

Эскерте кетсек, калаада 13 күндүзгү стационар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, 3 түнкү стационар 20:00дөн 8:00гө чейин  иштеп жатат.

Бардык дарылоо жайларында дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Бардыгы жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыздалган.

Стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр, өз алдынча дарыланбаңыздар! Стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге өз убагында медициналык жардам көрсөтөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!