Калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Тартип жана жеке коргонуу каражаттары гана covid-19 жана башка вирустук оорулардын өсүшүн токтотууга жардам берет.

Урматтуу ишкерлер, уюмдар, жарнак берүүчүлөр! Урматтуу чыгармачыл топтор! Ден соолукту сактоого катышыңыздар! Биз сиздерден продукция жана кызматтарыңыздарды жарнамага берүүдө жарнаманын ар бир сегментине милдеттүү маска тагынуу жана аралыкты сактоо эрежелерин дагы киргизүүнү өтүнөбүз. Адамдарды коргоодо биринчилерден болуңуздар! Мындай кыйын учурда бири-бирибизге жардам берели!

Сиздердин жардамыңыздар менен ар бир шаар тургунуна организмди вирустан коргонуу эрежелерин жеткире алабыз.   Аида Сулова, Эмил Тилеков жана Гулайым Шигайбаева баштаган чыгармачыл топ даярдаган сүрөттү көрсөңүздөр болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!