Шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө жана санариптик реформалар «Бишкекжашылчарба» муниципалдык  ишканасында иштей баштады.

Шаар тургундарынан келген кайрылууларды иштеп чыгуу үчүн жана куураган бактарды кыюу, санитардык бутоо иштеринин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн «Электрондук ТЖКЧ» программасы пилоттук режимде ишке киргизилди.

Система үч блоктон турат: иштин өндүрүш эсеби, абоненттик база жана жарандардын кайрылуулары.

Эми ар бир кызматкер, ар бир аймак санариптик көзөмөлгө өтөт. Ишканага 30 видео байкоо камералары, автотехникаларга  унаанын жайгашкан жерин, кыймылын жана токтогон жерин  белгилеген GPS-навигаторлор орнотулду. Бардык кыймылдарды ишкананын жана мэриянын жетекчилеринин компьютерлерине жана уюлдук телефондоруна жүктөлгөн мобильдик тиркеме аркылуу маалымат алып турса болот.

Ошондой эле, VPN-канал туташтырылган, бардык документтер электрондук форматта жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, «Бишкексууканал» башкармалыгы, «Тазалык» муниципалдык ишканасы санарипке өткөн, жакында турак-жай коммуналдык чарбанын бардык кызматтары санариптештирилет.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!