Борбордо эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Муниципалитеттин, ишкерлердин жана коомдук уюмдардын күчү менен covid-19 жана пневмония оорулары менен күрөшүү уланууда.

Колдоолор бардык жактан келип жатат. Бул жолу көптөгөн оор абалдагы жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу үчүн Россиядагы мекендештерибиз дары-дармектерди шаарыбызга белек кылды.

«Табарман» коому жана «Садовод» соода комплекси каражат чогултуп, 524 миң рублга учурда аз болуп жаткан  дарыларды сатып беришти. Бардык уюштуруу иштерин, транспорттук-логистикалык чыгымдарын Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилик мойнуна алды.

КРныны РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин коомдук кеңешчиси Тимур Саралаев муниципалитетке жүз таңгак клексан,  жүз таңгак гепарин дарыларын, жүз каннула жана бир жолу колдонулуучу шприцтерди берди.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирет. Жардам шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын арыздарына ылайык,  Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссиясынын жыйынында таратылат.

Урматтуу шаардыктар! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны, аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Вирус бар жана ал коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарым!