Бириккен Улуттар Уюмунун фонду калктын чөйрөсүндө (ЮНФПА) БУУнун биргелешкен долбоорунун алкагында үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына, ооруларды алдын алуу борборуна жана МСЭКБ  жеке коргонуу каражаттарын берди.

Шаардык медиктер жана эпидемиологдор 500 комплект жеке коргонуу каражаттарын: медициналык беткап, кол каптар, обочолонгон халаттар, коргонуу кийимдери, хирургиялык бет каптар, бетке кийген калкан жана 300 хирургиялык респиратор алышты.

Гуманитардык жардам БУУнун көп тараптуу өнөктөш фонддорунан каржыланды.

Бишкек шаарынын мэриясы БУУнун фондуна кыйын учурда шаардыктарга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Биз бирге COVID-19 жеңебиз!

Урматтуу шаардыктар! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны жана аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек –сүйүктүү шаарым!