Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Өткөн суткада күндүзгү стационарларга 3 миң 528 адам түнкү стационарларга 654 адам кайрылды.

Жалпысынан күндүзгү стационарларга 56 миң 939 адам кайрылды, анын ичинен 42 миң 261 адам тамчылатып дары, ийне алса, 14 миң 369 адамга медициналык кеңеш берилди. 298 адам ооруканага жаткырылды.

Ал эми түнкү стационарларга 15-июлдан 21-июлга чейин 4 миң 259 адам кайрылган. Анын ичинен 2 миң 195 адам тамчылатып дары, ийне, 2 миң 195 адам медициналык жардам алып, 15 адам ооруканага жаткырылган.

Шаардык ишкерлердин колдоосу менен стационарларга  кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер алынды.

Эскерте кетсек, калаада 13 күндүзгү стационар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми түнкү 3 стационар 20:00дөн 8:00гө чейин шаардыктарга медициналык жардам көрсөтүүдө.

Ар бир стационарда дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатат. Алар жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай, тамак-аш менен камсыздалган.

Стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр, өз алдынча дарыланбаңыздар! Стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге өз убагында медициналык жардам көрсөтөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!