Калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Муниципалитеттин, ишкерлердин, уюм жана мекемелердин күчү менен covid-19 жана пневмония менен күрөшүү уланууда.

Колдоолор бардык жактан келип жатат. Бул жолу Европа биримдиги Балдар жана үйбүлөлөрдү калыбына келтирүү шаардык адистештирилген борборуна (Ымыркайлар үйү) жеке коргонуу каражаттарын тапшырды.

200 бир жолу колдонулуучу халат, 1 миң 750 даана медициналык бет кап, кол кап, 150 литр антисептик, 28 санитайзер жана 5 байланышпаган термометрди аталган борбордун директору Чолпон Арыкпаева кабыл алды.

Эскерте кетсек, бул борбордо 30 кызматкер, анын ичинен 2 дарыгер жана 6 медайым иштейт. Кызматкерлердин жарымы Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасына жөнөтүлгөн.

Ымыркайлар үйү Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо уюмуна карайт. Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте медициналык, педагогикалык жана социалдык багытта иш алып барат.

Аталган ымыркайлар үйүнө күнү-түнү оор турмуштук кырдаалга кабылгандар же камкоордукка, коргоого муктаж болгон балдар келет. 21-июлга карата борбордо 35 балага медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүлүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаар тургундары! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны, аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!