Сovid-19 жана пневмания оорусунан ондогон кесиптештерибизден айрылдык. Алар билим берүү тармагына зор салымын кошкон, өмүрлөрүн келечек муундарын тарбиялоого, билим берүүгө арнаган асыл адамдар эле. Кесиптештерибиздин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы кабыргабызды кайыштырып турат.

Оорудан көз жумган кесиптештерибиздин үйбүлөлөрүнө, жакындарына, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

№78 мектеп гимназиясынын  директору Музаева Эльнура Турдукуловна;
№ 148 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин  директору Токтосунова Жамиля Ишенбековна;
№55 орто мектебинин  чарба иштери  боюнча директордун орун басары Казаков Камбар;
№61 Автордук окуу-тарбия комплексинин мектеп-гимназиясынын  башталгыч класстарынын мугалими Нефедова Ирина Юрьевна;
№69 окуу-тарбиялык комплекси мектеп гимназиясынын орус тил жана адабият мугалими Мусаева Айнура Мусаевна;
№64 мектеп гимназиясынын физика мугалими Калдымолдоева Укен Джолдошевна;
№9 мектеп гимназиясынын биология жана химия мугалими Токтосунова Айзирек;
№13 мектеп гимназиясынын кыргыз тил жана адабият мугалими Осмонгазиева Айдай Монолдоровна;
№118 бала бакчанын тарбиячысы Петрова Ирина Дмитриевна;
№10 бала бакчанын кызматчысы Тюлегенова Тынатин,
№10 бала бакчанын кызматчысы Ашырова Айзада Тентиевна,
№164 бала бакчанын кароолчусу Карыбаев Атабек Мамашевич.
Бул инсандардын баары ѳз кесибин сүйүп, баш отту менен берилип эмгектенген, жан-дүйнѳсү бай жана журѳгү чоң, кесипкөй адамдар эле.

Биз үчүн бул орду толгус жоготуу...

Бишкек шаарынын мэриясы, Билим берүү башкармалыгы үйбүлөлөрүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун!

Бишкек шаарынын мэриясы