Урматтуу шаар тургундары! 22-июлдан баштап соода борборлору жана супермаркеттердин иштөөсү кечки саат 21:00гө чейин узартылды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

100 чарчы метрден жогорку супермаркеттер, соода борборлору, комплекстер, дүкөндөр түйүнү  күн сайын саат 7:00дөн 21:00гө чейин иштей баштайт.

Соода борборлорундагы тамактануу жайлары иштебейт. Кафе жана ресторандар, ошондой эле коомдук тамактануу жайлары саат 10:00дөн 20:00гө чейин иштей берет, тамак жеткирүү кызматынын иши чектелбейт.

Коомдук транспорт азырынча бекитилген буйруктун негизинде саат 7:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00 гө чейин иштейт. Ал эми дем алыш күндөрү коомдук транспорттун  жүрүүсү токтотулат.

Базарлар саат 9:00дөн 17:00гө чейин ачык.

Шаардагы эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин төмөнкү мекемелердин иштөөсүнө тыюу салынат:

-көчөлөрдөгү соода жана кызмат объектилери (батут, велосипед жана башкаларды ижарага берүү);

-тойкана жана оюн-зоок мекемелеринин иши (түнкү клубадар, барлар, караоке-клубдар ж.б.);

-Балдар оюн аянтчалары жана оюн-зоок мекемелери.

Урматтуу шаардыктар! Үйүңүздөрдө болуңуздар! Муктаждык болбосо сыртка чыкпаңыздар! Тартип гана ооруну токтото алат. Вирус Бишкекте, ал абдан коркунучтуу…

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!