Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары адам өмүрү үчүн күрөшүүнү улантууда.

Өткөн суткада күндүзгү стационарлар 3 миң 286 адамды, түнкү стационарлар 590 адамды кабыл алды.

21-июлда күндүзгү дарылоо жайлары 62 миң 326 адамды кабыл алды, анын ичинен 46 миң 209 адам тамчылатып дары, ийне, 15 миң 786 адам медициналык кеңеш алып, 322 адам ооруканага жаткырылды.

15-июлдан 22-июлга чейин түнкү стационарларга 4 миң 318 адам кайрылды. Анын ичинен 15 адам ооруканага жаткырылды.

Шаардык ишкерлердин, кайрымдуу адамдардын  жардамы менен стационарлар кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер менен камсыз болуп, дарыкана пунктары ачылды.

Эскерте кетсек, калаада 13 күндүзгү стационар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, 3 түнкү стационар 20:00дөн 8:00гө чейин  иштеп жатат.

Бардык дарылоо жайларында дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Бардыгы жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыздалган.

Стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөргө камкөрүңүздөр, өз алдынча дарыланбаңыздар! Стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге өз убагында медициналык жардам көрсөтөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!