Калаада covid-19 жана башка вирустук оорулар менен күрөшүү уланууда. Эч нерсеге карабастан шаардыктардын өмүрүн сактоо үчүн күнү-түнү дарыгерлер, медайымдар, эпидемиолог жана вирусологдор иштеп жатышат.

Биз ар бир медицина кызматкеринин коопсуз иштөө шартын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) Бишкек аймактык башкармалыгы медициналык кызматтарды төлөп, алардын сапатын текшерип, калаадагы медицина уюмдарынын ресурстарды колдонуу эффективдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп турат.

Ооруканаларда, поликлиника, обсервация жайларында жана шаардагы стационарларда иштеген медицина кызматкерлерин коргоо каражаттары менен камсыз кылуу максатында 104,8 миллион сом өлчөмүндөгү каражат бөлүндү.

Каражат толугу менен сарпталып, сатып алуулар жүргүзүлдү. Азыркы учурда шаардагы медицина уюмдарында жеке коргонуу каражаттары жетиштүү.

Пандемиянын башында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бишкек шаарына 1 миллиард 576 миллион 200 миң  сом бөлгөн, анын көпчүлүк бөлүгү медиктердин айлыгына коротулган жана 1026,2 млн. сом (65,1%) социалдык фондко чегерилген. Дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга - 364,3 млн.сом (23,1%), коммуналдык кызматтарга - 87,5 млн.сом (5,5%) сарпталган. Жеке коргонуу каражаттарына 50 миллион сомдой каражат бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бишкек шаарындагы 35 саламаттыкты сактоо уюмунун бириктирилген бюджетин көзөмөлдөйт. Анын ичинен 22 шаардык деңгээлдеги жана 13 республикалык медициналык уюм.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны жана аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Вирус коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарым!