Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары пандемия учурунда шаардыктарга медициналык колдоо көрсөтүүнү улантууда.

22-июлга карата күндүзгү стационарлар 2 миң 905 адамды кабыл алды, өткөн күндөргө  салыштырганда кайрылгандар бир топ азайды.  Мисалы, бир жума мурун күнүнө 4 миң 500 адам кайрылып жаткан.

22-июлдан 23-июлга караган түнү түнкү стационарларга 581 адам кайрылды. Бактыга жараша акыркы күндөрү стационарларда каза болгондор катталган жок.

23-июлга карата күндүзгү стационарлар 63 миң 130 адамды кабыл алып, 330 адам ооруканага жаткырылды. 15-июлдан 23-июлга чейин түнкү стационарлар 4 миң 898 адам кабыл алды, анын ичинен 16 адам ооруканага жаткырылды.

Шаардык ишкерлердин, кайрымдуу адамдардын  жардамы менен стационарлар кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер менен камсыз болуп, дарыкана пунктары ачылды.

Эскерте кетсек, калаада 13 күндүзгү стационар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, 3 түнкү стационар 20:00дөн 8:00гө чейин  иштеп жатат.

Бардык дарылоо жайларында дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Бардыгы жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыздалган.

Стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөргө камкөрүңүздөр, өз алдынча дарыланбаңыздар! Стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге өз убагында медициналык жардам көрсөтөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!