Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары пандемия учурунда шаардыктарга медициналык жардамдарды көрсөтүүдө. Өткөн суткада күндүзгү стационарлар 2 миң 638 адамды кабыл алды, анын ичинен 1871 адам инфузиялык терапия, 756 адам медициналык кеңеш алып, 11 адам ооруканага жаткырылды. Мурдагы күнү 2905 адам кайрылган.

23-июлдан 24-июлга караган түнү түнкү стационарларга 517 адам кайрылды.

Жалпысынан 24-июлга карата күндүзгү стационарлар 65 миң 768 адамды кабыл алып, 341 адам ооруканага жаткырылды. 15-июлдан 24-июлга чейин түнкү стационарларга 5 миң 416 адам кайрылган, 18 адам ооруканага жаткырылды.

Бактыга жараша, акыркы күндөрү стационарларда каза болгондор катталган жок. Дарыгерлер КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин covid-19 дарылоо алгоритмине ылайык иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, аталган алгоритм ар бир оорунун деңгээлине жараша өзүнчө каралат. Жеңил формада антибиотик жана тамчылатып дары куюу каралбайт, дене табы 38-38,5 тен жогору болгон учурда гана дарыгерлер таблетка түрүндөгү дене табын түшүргөн дарыларды, эң башкысы суюктук көп ичүү жана дем алуу көнүгүүлөрүн жазып беришет.

Орто оор абалда, эгерде дене табы 5-7 күн жогору болуп турса, ооруган адамга антибиотик жазып берилет. Оорунун ар кандай формаларында стационарлардагы дарыгерлерге протоколдон тышкаркы, далилденбеген дары-дармектерди жазууга тыюу салынат.

Дарыгерлер пульмонолог, инфекционисттер жана клиникалык фармакологдор менен ковид-19 дарылоо алгоритми боюнча окуулардан дайыма өтүп турушат.

Учурда күндүзгү стационарлардын ишинде оң динамика байкалууда.

Стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөргө камкөрүңүздөр, өз алдынча дарыланбаңыздар! Стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге өз убагында медициналык жардам көрсөтөт.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!