Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары пандемия учурунда адамдардын ѳмүрү үчүн күрѳшүүдѳ.

Ѳткѳн суткада күндүзгү стационарларга 2 миң 273 адам, түнкү стационарларга 474 адам кайрылды.

Бактыга жараша бардык стационарларда каза болгондор катталган жок.

25-июлга карата күндүзгү стационарлар 68 миң 41 адамды, түнкү стационарлар 5 миң 890 адамды кабыл алды.

Стационарардагы дарыгерлер Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин  ковид-19 дарылоо алгоритми менен иштеп жатышат.

Жумуштан кийин дарыгерлер тез жардам кызматынын дарыгерлери, эпидемиологдор, инфекционисттер жана вируслогдор менен жолугушуп, мындан аркы иш-аракеттердин алгоритмин жана күз-кыш мезгилине даярдыктарды талкуулашууда.

Белгилей кетсек, стационарлар шаардыктарга жана дарыгерлерге жугуп калуу коркунучун жаратпайт. Бул жакта бардык вирустук оорулардан коргоо боюнча бардык эрежелер сакталган. Ковид-19 белгилери бар жарандарга алгачкы медициналык жардам кѳрсѳтүү үчүн ачылган убактылуу стационарлар дүйнѳнүн кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрүндѳ колдонулуп келет.

Мисалы, Испания бийлиги ооругандарга тез жардам кѳрсѳтүү үчүн Мадриддин борборундагы кѳргѳзмѳ комплексинде ачкан. Дарылоо жайы 5 миңге чейинки ооруган адамды кабыл ала алат.

Иранда кѳптѳгѳн кѳргѳзмѳ борборлоруна жана спорт залдарына стационарлар ачылды.

Коронавирус менен ооругандар үчүн убактылуу госпиталь Санк-Петербургдагы «Ленэкспо» аймагына жана «Екатеринбург-ЭКСПО» кѳргѳзмѳ борборуна ачылды.

Ошондой эле, Москванын белгилүү ВДНХ кѳргѳзмѳ комплексине убактылуу стационар ачууга уруксат берилди.

Лондондо ExCel конференция борборунда дарылоо жайы иштеп жатат. Касабланкада эл аралык кѳргѳзмѳ борборунда 700 орунга ылайыкташтырылган дарылоо жайы ачылды.

Ушул эле практиканы Вашингтондун шаардык кызматтары да колдонуп жатышат.

Бишкекте 13 күндүзгү жана 3 түнкү стационар иштеп жатат.

Эң башкысы стационарлар эффективдүү иштеп, оң кѳрсѳткүчтү кѳрсѳтүүдѳ жана ооругандар сакайып чыгууда.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Ѳзүңүздѳрдү жакшы караңыздар, ѳз алдынча дарыланбаңыздар! Оорунун белгилери болгон учурда стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге убагында жардам кѳрсѳтѳт.

Ѳзүңүздѳргѳ жана жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!