Коммуналдык кызматтар 2020-2021-жылдарга жылытуу мезгилине даярдыктарды кѳрүп жатышат.

Шаардыктардын үйлѳрүн үзгүлтүксүз жылуулук менен  камсыз кылуу үчүн «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын буу казандарында оңдоо-профилактикалык иштери ѳткѳрүлүүдѳ.

Пишпек кичирайонундагы «Илбирс» буу казанында узундугу 40 метрлик түтүн түтүгүн реконструкциялоо жыйынтыкталды.

Түтүн түтүгүн алмаштыруу менен «Пишпек» кичи районундагы үйлѳрдү жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого жана абага зыян заттардын тарашын азайтууга болот.

Эскерте кетсек, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын балансында 66 буу казаны бар. Алардын бары 1-октябрга чейин оңдоодон ѳткѳрүлѳт. Ишкана тарабынан кѳмүр сатып алууга тендер ѳткѳрүлүп, тендердик комиссия иштеп жатат.

Ишкана 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо объектисин, 40 жалпы билим берүү уюмун, 14 бала бакчаны, 8 ЖОЖ, 26 башка бюджеттик мекемени жана 193 башка кардарларды камтыйт.

Урматтуу бишкектиктер! «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын байланыш номерлери:

Абоненттик кызмат: 212847;

Эсеп бѳлүмү: 212845;

Жылуулук энергиясын жана ысык суунун кѳрсѳтмѳсүн каттоо бѳлүмү: 492535, 212804.

Үйдѳ болуңуздар! Ѳзүңүздѳрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарым!