Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду.

Социалдык саясат боюнча вице-мэр Татьяна Кузнецова кызматынан бошотулду.  Ал 2019-жылдын февраль айынан тартып иштеп келген. Анын ордуна мурда «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасын жетектеген Виктория Мозгачева дайындалды. Виктория Андреевна билими боюнча инженер-программист.

Мэриянын борбордук аппаратынын жетекчиси Балбак Түлѳбаев Ысык-Кѳл областынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү болуп дайындалганына байланыштуу, берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Мэриянын аппарат жетекчиси болуп Адилет Малдыбаев дайындалды. Ал бул кызматка чейин Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Октябрь райондук администрациянын аппарат жетекчиси  Азамат Дороев Октябрь районунун акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!


Виктория Мозгачева

Адилет Малдыбаев

Азамат Дороев