«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды контейнерлерин сырдоо жана дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдѳ.

Азыркы учурда ишкананын 20 кызматкери таштанды челектерин жууп, хлор менен тазалап, сырдап жатат. 106 таштанды контейнери толугу менен тазалоодон ѳттү.

Жалпысынан 4 миңдей контейнер дезинфекциялоодон ѳтүп, сырдалат.

Биз шаардыктарды муниципалдык мүлккѳ аяр мамиле кылууга, таштандыларды таштанды челегине таштоого жана жумушчулардын эмгегин сыйлоого чакырабыз.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, муктаждык болбосо сыртка чыкпаңыздар, үйдѳ болуңуздар! Гигиена жана тартип гана оору менен күрѳшүүгѳ жардам берет. Ѳзүңүздѳргѳ жана жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!