Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча шаардыктарга медициналык жардам кѳрсѳтүүнү улантууда.

Ѳткѳн суткада күндүзгү стационарлар 1 миң 753 адамды кабыл алды. Анын ичинен 1206 адам инфузиялык терапия, 534 адам медициналык кеңеш алып, 13 адам ооруканага жаткырылды. 28-июлдан 29-июлга караган түнү түнкү стационарларга 268 адам кайрылды.

Стационарларда каза болгондор катталган жок.

29-июлга карата күндүзгү стационарлар 75 миң 755 адамды, түнкү стационарлар  7 миң 220 адамды кабыл алды.

Стационарлардын алдында кезектер азайып калды. 13 күндүзгү стационарда 908 орун, 3 түнкү стационарда 265 орун даярдалган.

Шаар тургундарынын, ишкерлердин, коомдук уюмдардын жана кайрымдуу адамдардын колдоосу менен стационарлар керектүү жабдуулар менен жабдылып, 176 кычкылтек концентратору орнотулду, ошондой эле бардык дарылоо жайларына пульсоксиметрлер алынды. Стационарлардын ичинде жана тышында 27 дарынкана иштеп жатат.

Стационарларда адам ѳмүрүн сактоо үчүн калаанын үйбүлѳлүк медициналык борборлорунун дарыгерлери, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар жалпысынан 260 кызматкер иштеп жатат.

Медицина кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары, ысык тамак-аш, убактылуу турак-жай жана айлык-акы менен камсыздалды.

Стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөргө камкөрүңүздөр, өз алдынча дарыланбаңыздар! Стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге өз убагында медициналык жардам көрсөтөт.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!