Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин жүргүзүүдѳ.

Алуу иштери №3 кичи районундагы №24 үйдүн жанына орнотулган объектини алуу менен башталды. Андан кийин Юнусалиев кѳчѳсү 177/2 дарегинде мыйзамсыз орнотулган эки объект, Сухэ-Батор жана Юнусалиев кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде мыйзамсыз иштеп жаткан эки күркѳ, Матыев кѳчѳсү №72 үйүнүн жанындагы соода күркѳсү алынды.

Шаардагы мыйзамсыз капиталдык курулуштарды, күркѳлѳрдү жана башка жеңилдетилген типтеги объектилерди санитардык нормаларды катуу сактоо менен түрттүрүү иштери улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин, ошондой эле санитардык нормаларды сактооңуздарды ѳтүнѳбүз. Ѳзүңүздѳрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар!

Эгерде мыйзамсыз же туура эмес жерге орнотулган объектилерди кѳрсѳңүздѳр сүрѳт жана видеолорун 0703633833 номерине жибериңиздер. Мындан тышкары Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын социалдык тармактардагы баракчалары кайрылууларды кабыл алат: Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/ Instagram: @uzs.bishkek Twitter: @uzsmeriakg.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!