«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардагы оргумаларды жууп тазалоодо.

Азыркы учурда биздин кызматкерлер жаштар аллеясындагы, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, шаардык муниципалитеттин, тарых музейинин алдындагы, «Ала-Тоо» аянтындагы жана Эмен багындагы фонтандардын ичтерин жууп тазалап жатышат.

Күн сайын адистер фонтандардын ичтериндеги жалбырактарды, сыныктарды чогултушат. Андан кийин мотор, насосторунун иштешин текшеришет. Жай мезгилинде фонтандардын  иштешинде кѳйгѳй жаралса, дароо оңдолот, ал эми кышында капиталдык оңдоо жүргүзүлѳт.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан бар.

Урматтуу шаардыктар! Фонтандарга түшүүгѳ тыюу салынарын эскертебиз. Ѳзүңүздѳргѳ жана жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!