Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлѳр! Калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Шаардык кызматтар ковид-19 жана пневмания ооруларынын жайылышын токтотууга бардык аракеттерди кѳрүүдѳ.

Эми ар бирибиз ѳзүбүздү тарбиялоону күчѳтүшүбүз керек, себеби бир гана тартип вирус менен күрѳшүүгѳ жардам берет. Биз сиздерден коомдук жайлардан алыс болууңуздарды, гигиена жана аралыкты сактооңуздарды, тазаланбаган нерселерди, ѳзгѳчѳ акчаларды кармоодо сак болушуңуздарды суранабыз.

10-августтан баштап «Тулпар» кѳзѳмѳл кызматы иштей баштайт. Адистер айдоочуларда сатыкка коюлган карталардын бар-жогун текшерип, жүргүнчүлѳрдү отургузуу жана түшүрүү, картаны жана валидаторду колдонуу эрежелери менен тааныштырышат.

Накталай тѳлѳгѳн учурлар катталганда адистер айдоочуга жана тейлеген транспорттук ишканага чара кѳрүү боюнча акты түзүшѳт.

Урматтуу шаардыктар! Тулпар картасына ѳтүңүздѳр! Артыктылыктары ачык кѳрүнүп турат: транспорт коопсуздугу жана чыгымдардын ачыктыгы, нак акча менен байланыш болбойт. ДСУ дагы накталай акча колдонуудан алыс болууну сунуштайт.

Кѳк Тулпар стандарт карталарын айдоочулардан, уюлдук операторлордун кеңселеринен же болбосо «Кыргыз почтасы» ишканасынан 50 сомго сатып алсаңыздар болот, баага бир жолу акысыз жүрүү киргизилген.

Жеңилдетилген категориядагы жарандар үчүн кызыл карталар райондук администрациялардын жана шаардык троллейбус башкармалыгынын имараттарында берилет.

Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспортко байланышкан суроолор боюнча тѳмѳнкү номерлерге байланышсаңыздар болот:

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруткалар): 0550 143 637;

Бишкек жүргүнчүлѳрдү ташуу автотранспорттук ишканасы (автобустар): 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700 411 905;

Тулпар: 582000, feedback@tulpar-card.kg

Сураныч! Санитардык талаптарды сактаңыздар, бет кап кийиңиздер, антисептик колдонуңуздар. Ѳзүңүздѳргѳ жана жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!