Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева ишине киришип, биринчи күнү эле акимдердин орун басарлары жана 118 колл-борборунун операторлору менен кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү.

Вице-мэр колл-борбордун операторлорунун иштѳѳ шарттары менен таанышты. Эскерте кетсек, борбордо күнү-түнү клиникалык ординаторлор, ѳз ыктыяры менен келген дарыгерлер иштеп, шаардыктарга КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча акысыз медициналык кеңеш беришет.

Операторлор чалуулар азайгандыгын, июль айынын башында күнүнѳ 5 миңге чейинки чалуулар болсо, азыр бир жарым миңден чалуу болуп жаткандыгын билдиришти.

Вице-мэр мындан ары чалуулар азая турган болсо, колл-борбор түнкү режимди сактоо менен тѳрт районго .жайгаштырыларын билдирди.

Эскерте кетсек, ооругандардын саны кескин кѳбѳйгѳндүгүнѳ байланыштуу  118 ѳзүн-ѳзү диагноздоо борбору №2 мектепке ачылган.

«Ѳзүн-ѳзү диагноздоо 118 линиясы» долбоору КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Сорос-Кыргызстан» фонду, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы жана райондук акимиаттар менен биргеликте ишке ашырылууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!