Коммуналдык кызматтар 2020-2021 жылдарга жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүүдө.
Шаардыктардын үйлөрүн үлгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо үчүн “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Ишкананын жаңы директору Баимбет Байгараев алдыдагы жылытуу мезгилине карата “Жал” кичи районундагы отканаларды текшерип чыкты.
Бүгүнкү күндө кыш мезгилине 66 отканадан 39 откана даяр, калгандары 1-октябрга чейин оңдолуп бүткөрүлөт.
Эскерте кетсек, ишкана 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 жалпы билим берүү мектебин, 14 бала бакчаны, 8 ЖОЖ, 26 башка бюджеттик мекемелерди жана 193 башка кардарларды тейлейт.
Урматтуу шаардыктар! “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын байланыш номерлери:
Абоненттик кызмат: 212847;
Эсеп бөлүмү: 212845;
Жылуулук, ысык суу көрсөтмөлөрүн каттоо бөлүмү: 492535, 212824.
Үйдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Вирус бар жана ал коркунучтуу...
Бишкек-сүйүктүү шаарым!