Билим берүү тутумунда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Июль айында биз кымбат адамдарыбыздан: №78 мектептин директору Музаева Эльнура Турдукуловна жана №148 бала бакчанын башчысы Токтосунова Жамиля Ишенбековнадан айрылып калдык. Алар ковид-19 оорусунан көз жумушту. Алардын үйбүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз...

№148 бала бакчанын башчысы болуп  Жумакадырова Элмира Шариповна дайындалды. Ал мурда ушул эле бала бакчада методист жана тарбиячы болуп эмгектенген.

№78 мектептин директору болуп Жумалиев Мурат Сыражидинович дайындалды. Ал бул кызматка чейин №85 мектептин директору болуп иштеп келген.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч!

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!