Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин, коомдук жайларда тартип жана тазалыкты  бузгандар менен күрөшүүнү улантып, пандемия шарттарында санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Июль айында гана эрежелерди бузган ишкерлерге КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 293 беренеси боюнча 395 миң сом айып пул салынды. Көбүнчө кафе, тез тамактануу жайлары санитардык эрежелерди бузган.

Убактылуу режим киргизилгенден тартып СЭИ инспекторлору 289 берене боюнча жалпысынан 1 миллион 287 миң сомго айып пул салган.

Санитардык текшерүүлөр дагы улантылууда.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана мекемелер! Сураныч! Санитардык талаптарды сактаңыздар- бул вирус менен күрөшүүнүн жалгыз жолу! Өзүңүздөргө жана кардарларыңыздарга кам көрүңүздөр!

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма байланышта: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!