Шаардын эң башкы байлыгы, шаардын жүзү – бул шаар тургуну.
Эгерде сиз №67 мектептин жанында сейилдеп жүрсөңүз, бир мүнөт гүл жомогунда жүргөндөй болосуз. Бул гүлдөр шаар тургуну Рахматилла Амировдун кол эмгеги. Ал көп жылдан бери аталган жерди жашылдандырып, гүлдөтүп келет.
Рахматилла Амиров менен бизди анын жакын таанышы байланыштырып, анын эмгеги тууралуу айтып берди.
Биз анын шаардын кооздугун жаратуудагы, жашылдандыруудагы талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип коюуну чечтик.”Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын башчысы Эльнура Жолдошева байкеге ыраазычылык баракчасын, биздин күнөсканадан үч кап өсүмдүк топурагын жана бакча топтомун тапшырды.
Тургундардын жашыл демилгелерин колдоо жана алар менен чогуу иштешүү үчүн биз байкени райондун агроному, мастер  жана мураптары менен тааныштырдык.
Бишкек шаарынын мэриясы   Рахматилла Амировго шаарды жашылдандырууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Сизге чоң рахмат!
Бишкек-сүйүктүү шаарым!