«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы жаңы конуштардагы тышкы жарыктандыруу түйүндөрүн модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.

“Арча-Бешик” жаңы конушунун Кара Кужур көчөсүнө Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейин, Ак Туз, Береке, Камбар-Ата, Шербет көчөлөрүнө, ошондой эле 6-,7- жана 23-, 29- көчөлөрүнө 141 светодиоддук чырак, кронштейн, 720 метр аба электр чубалгылары тартылып орнотулду.

Ал эми «Ак-Өргө» жаңы конушунун Алты Бакан, Таттыбүбү, От Араба, Садыков көчөлөрүнө 97 чырак жана кронштейн орнотулуп, 4 миң 985 метр аба электр өткөрүүчү чубалгылар тартылды.

Азыркы учурда  «Арча Бешик»  конушунун Камбар Ата, Эр Тайлак, Ак Тан  көчөлөрүндө жана «Ак Өргө» жаңы конушунун Ак Шоокум, Арабаев, Жоолон көчөлөрүндө чырактарды орнотуу иштери улантылууда.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздин көчөңүз караңгы болуп, чырактар иштебей калса, ишкананын диспетчердик кызматына кайрылыңыз: 0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар, чалыңыздар! Биз дайыма байланыштабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу...

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарым!