Калааны көрктөндүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.  Шаардык кызматтардын кызматкерлери санитардык нормаларды сактоо менен, 2020-жылга карата планга ылайык калаанын бир нече көчөсүндө капиталдык ондоо иштери жүргүзүүдө.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы  бул жылы 13 көчөдө оңдоо иштерин өткөрүп жатат. Анын аянты 5435,5 погондук метрди түзөт.

Бардык объектилерди оңдоо иштери башталган. Азыркы учурда Ибраимов көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн Күренкеев көчөсүнө чейин, Пушкин көчөсү Павлов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин, Бобулов көчөсү Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейин, Аэропорт көчөсү Ажыбек баатыр көчөсүнөн Безымянный көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

6-августка карата Белорус, Осмонов, Васильев, Аул,  Ашхабад, Көкчетай, Тыныстанов көчөлөрүндө капиталдык курулуш иштери бүткөрүлдү. Түлөбердиев көчөсүндөгү курулуш иштери жыйынтыкталып калды, учурда кичине бөлүгүндө оңдоо иштери өткөрүлүүдө. Бөдрөтчү компания Үсөнбаев атындагы көчөнүн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоп, жыйынтыктоо алдында.

Капиталдык курулуш башкармалыгы 2020-жылга карата Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ондоо жана курулуш иштерин пландаган. Башкармалык тарабынан 5 көпүрөнүн курулушу жана жалпы узундугу 70 км түзгөн 60 көчөнү оңдоо иштери пландалып жатат.

Азыркы учурда Лев Толстой көчөсүндө ондоо иштери жана биринчи фаза боюнча оңдоо жана курулуш кемчиликтерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Маанилүү! Оңдоого чейин, оңдоо учурунда жана бүткөрүлгөндөн кийин жолдордун сапатын, асфальттын төшөлүшүн  жол сыноо лабораториясы текшерет. Заманбап лабораторияда бардык керектүү жабдуулар орнотулган.

Урматтуу шаардыктар! Жолдорду, тротуар жана веложолдорду куруу,  оңдоо боюнча суроолор менен 0550 777710 байланыш номерине кайрылсаңыздар болот. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!